Коронавирус дагы 450 адам жуктурду, 7 бейтап каза болду
2020-жылдын 7-июлуна карата республика боюнча коронавирустун 450 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бишкек ш. – 229
Чүй облусу - 84
Ош ш. - 32
Ош облусу - 23
Жалал-Абад облусу - 47
Баткен облусу-10
Ысык-Көл облусу - 13
Нарын облусу - 11
Талас облусу - 1
Республика боюнча жалпы 8 141учур катталды.
Ошондой эле 7 бейтап коронавирустан каза болду.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);
Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);
Жалпы каза болгондордун саны 99 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде 78 медициналык кызматкерге коронавирус жукту.
Ал эми 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhay-450-uchur-kattalyp-7-bejtap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×