Кыргызстанда коронавирустан 5 миңге чукул адам айыгып, 149у каза болду

14 июль 2020 11:19 460 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 421 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

  • Бишкек ш. – 176
  • Чүй облусу - 87                
  • Ош ш. - 58   
  • Ош облусу - 6                     
  • Жалал-Абад облусу - 40
  • Баткен облусу - 21
  • Ысык-Көл облусу - 31
  • Нарын облусу - 1           
  • Талас облусу - 1

Республика боюнча вирусту жуктууруу  жалпысынан 11 538 учурга жетти.

Стационарда – 652, алардын ичинен реанимацияда – 21, үй карантининде дарыланып жаткандар – 5 742, ооруканадан чыгарылды – 3 569, каза тапты – 149 адам.

Ошондой эле, ооруканадан чыгарылгандардын саны 109 бейтап:
 

  • Бишкек ш. – 48
  • Чүй облусу – 23
    Ош ш. – 2 
  • Ош облусу – 5
    Жалал-Абад облусу 
  • Баткен облусу – 5
  • Нарын облусу –  14 
  •  Ысык-Көл облусу – 4


Республика боюнча  жалпы 3 569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.  Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1 426 киши айыкты. Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны - 4 995 киши. 

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап коронавирустан  каза болду.
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял 67 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 149га жетти.

Ошондой эле 94 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 26
• Чүй облусунда – 39
• Ош ш. – 14
• Жалал-Абад облусунда – 9
• Баткен облусунда – 6

Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1875 учур катталды, алардын ичинен 570 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhay-421-uchur-kattalyp-2-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий