Кыргызстандагы коронавирус: Дагы 345 учур катталып, 13 адам көз жумду

8 июль 2020 10:42 1052 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 345 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып “Барометр” билдирет.

Бишкек ш. – 183

Чүй облусу - 51

Ош ш. - 22

Ош облусу – 7

Жалал-Абад облусу - 23

Баткен облусу - 21

Ысык-Көл облусу - 24

Нарын облусу - 14

Республика боюнча жалпысынан 8 486 учурга жетти. Учурда стационарда – 592, алардын ичинен реанимацияда – 17, үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 799, ооруканадан чыгарылды – 2 983, каза тапты – 112.

Бир суткада 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктурганы маалым болду.

Бишкек ш. – 23

Чүй облусунда – 16

Ош ш. – 9

Ош облусунда – 1

Нарын облусунда – 3

Ысык-Көл облусунда – 1

Жалал-Абад облусунда – 6

Баткен облусунда – 3

Ошондой эле 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 1 287 учур катталып, алардын ичинен 522 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Өткөн сутка ичинде 13 бейтап коронавирустан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);

№ 6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта);

Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);

Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);

Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта);

Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 112ге жетти.

Ошондой эле, 67 бейтап ооруканалардан чыгарылды.

Бишкек ш. – 16

Чүй облусу – 18

Ош ш. – 18

Ош облусу – 4

Жалал-Абад облусу – 4

Нарын облусу – 5

Баткен облусу – 2

Республика боюнча жалпы 2 983 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-dagy-345-uchur-kattalyp-13-adam-kz-zhumdu



Добавить комментарий