Кыргызстандагы коронавирус: 361 учур катталды, 4 бейтап каза болду

9 июль 2020 10:47 506 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан боюнча коронавирустун жаңы 361 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкек ш. – 150                        Чүй облусу - 59

Ош ш. - 43                                    Ош облусу - 28

Жалал-Абад облусу - 25           Баткен облусу - 20

Ысык-Көл облусу - 17                Нарын облусу - 18

Талас облусу - 1

Республика боюнча жалпы  8 847учурга жетти.

83 медицина кызматкерине коронавирус жукту:
Бишкек ш. – 20
Чүй облусунда – 5
Ош ш. – 22
Ош облусунда – 12
Нарын облусунда – 3
Ысык-Көл облусунда – 8
Жалал-Абад облусунда – 8
 Баткен облусунда – 5
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1 370 учур катталып, алардын ичинен 532 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты. 

Ошондой эле 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

 Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
 Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 62 жашта, эркек, 55 жашта);
 Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 68 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 116ге жетти..

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-361-uchur-kattalyp-4-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий