Кыргызстанда июль-августта күйүүчү майдын баасы дагы 6-10 пайызга кымбаттайт

21 июль 2021 17:39 3964 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Июндан июлга чейинки аралыкта эле Россиянын заводдорунда бензиндин баасы тоннасына 70 долларга кымбаттады, ал эми дизель отуну тоннасына 60 долларга баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашканын ”Барометр” билдирет.

Бул бензиндин дагы 5,5 сомго, дизель отунунун дагы 4,20 сомго кымбатташына шарт түзөт.

Жыл башынан бери бензиндин баасы 50 пайызга, дизель отуну 33 пайызга кымбаттады.

Россиянын мунай заводдорундагы баанын жогорулашы 2021-жылдын башынан бери уланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылдын январь – июнь айларында өлкөгө 648 миң тонна мунай продуктулары экспорттолгон болсо анын 388 миң тоннасы бензин, 260 миң тоннасы дизель отуну болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-iyul-avgustta-kjch-majdyn-baasy-6-10-pajyzga-kymbattajt



Добавить комментарий