Мэрия: Көмүргө карата ажиотаж жок, 3 миң сомдон сатылып жатат

19 ноябрь 2021 15:18 2772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондук кызматтар менен биргеликте Мурманская 1Б дарегинде жайгашкан «Беш-Сары» отун базасы менен Мурманская 306Б дарегинде жайгашкан КРнын Коргоо министрлигинин «Отун базасын» текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Базаларда көмүр тоннасына 3000 сомдон сатылып жатат.

Текшерүү маалында көмүр базага күн сайын жеткирилип, ар бир базада күн сайын 170-180 тоннадай көмүр сатылып жатканы маалым болду. Ажиотаж жок, көмүр тизме боюнча сатылып жатат.

Район башчысы отун базаларынын жетекчилиги менен калкка көмүрдүн баасын жогорулатпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-kmrg-karata-azhiotazh-zhok-3-mi-somdon-satylyp-zhatat



Добавить комментарий