15 жана 20 сом. Ош шаарында маршруткалардын баасы кымбаттады
Бөлүшүү:
Ош шаарында маршруттук таксилердин баасы кымбаттады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, чечимди бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар кабыл алышты.
Жол кире акысын күндүз 15 сом, ал эми кечки саат 19.00дөн 21.00гө чейинки аралыкта 20 сом кылышты. Окуучуларга тариф мурдагыдай эле калды. Жаңы баалар 1-декабрдан тартып төлөнө баштайт.
Мэриядан белгилешкендей, муниципалдык транспортто баа өзгөргөн жок.
Ссылка: https://barometr.kg/15-zhana-20-som-osh-shaarynda-marshrutkalardyn-baasy-kymbattady
Добавить комментарий ×