Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы ыктымал
Поделиться в:
Май айында Кыргызстандын күйүүчү майлоочу материалдар рыногунда алардын баасынын 10-15 пайызга жогорулашы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Нефтетрейдер ассоциациясы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Россиянын мунай продуктулар рыногунда Мунайды кайра иштетүүчү заводдордун чыгарган продукциясынын чекене-дүн баасынын кескин кымбатташы күтүлүүдө. Россиянын заводдорунда май айында баалар 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 10 пайыздан 32 пайызга чейин жогорулады.
Ушул жагдайларды эске алганда Кыргызстанда күйүүчү майга карата баалардын жогорулашы күтүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/maj-ajynda-kyrgyzstanda-kjch-majdyn-baasy-kymbattashy-yktymal
Добавить комментарий ×