Кыргызстанда илдеттин саны азайды

18 август 2020 17:40 1512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 18-августка карата эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болууда. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

«Оорунун жаңы учурлары 2020-жылдын 13-июлунан 19-июлуна чейин эң көп катталган. 10-августтан 16-августка чейин өткөн жумага салыштырмалуу -40%га төмөндөө байкалууда», - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Анын айтымында, эгерде 3-августтан 9-августка чейин 3012 учур болсо, 10-августтан 16-августка чейин 1814 учур катталган.

«Акыркы жумада тестирлөөдөн өткөн жарандардын арасында ПЦР-анализдери COVID-19 вирусунун бар экенин көрсөткөндөр 4,9%ды түздү. Буга чейин 17 жума бою бул көрсөткүч 23,1%ды көрсөтүп келген», - деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле, Роспотребнадзордун методикасы жана ДССУнун методикасы боюнча эсептелген, тагыраагы изоляцияга алганга чейин 1 оорулуу 1 адамга жугузат эсеби боюнча алынган адамдардын саны. Мисалы, 2020-жылдын 2-июлундагы көрсөткүч 2 адамды түзсө, 2020-жылдын 16-августунда бул көрсөткүч 0,8 адамды түздү.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ildettin-sany-azajdy



Добавить комментарий