Кыргызстанда грипптен вакцинациялоо сентябрдын соңунда башталат
Бөлүшүү:
Грипптен вакцинациялоо сентябрь айында башталат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Вакцинаны сентябрь айынын аягынан баштап ала башташат. Алгачкы кезекте, тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат, алар 65 жаштан жогорку курактагы адамдар, балдар, өнөкөт оорулары барлар, медкызматкерлер жана башкалар". - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жеке медициналык борборлор менен №6 жана №8 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан вакцинаны акы төлөп алууга болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-grippten-vakcinany-sentyabr-ajynyn-ayagynan-bashtap-ala-bashtashat
Добавить комментарий ×