Кыргызстанда дагы жети дарыгерге коронавирус жукту

7 апрель 2020 09:15 2089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир суткада 12 жаңы учур катталып, жалпы оору жуктургандардын саны 228 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республикалык штабдын маалымат борборунан билдирди.

Министр ошондой эле, бир суткада аныкталган 12 учурдун ичинен жети оору дарыгерлерден табылганын кошумчалады. Буга чейин вирус жуктургандардын арасында тогуз дарыгер бар болчу. Ошентип оору жуктурган дарыгерлердин саны 19 кишиге жетти.


Коронавирустан төрт киши каза болгону кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-dagy-zheti-darygerge-koronavirus-zhuktu



Добавить комментарий