Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукту
Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.
Ал ошондой эле, бир суткада жаңы 14 учур аныкталып, Кыргызстан боюнча жалпы оору жуккандардын саны 144 кишиге жеткенин билдирди.
144 учурдун аймактардагы абалы:
Бишкек – 15
Ош ш. – 12
Ош облусунда – 35
Баткен облусунда – 3
Жалал-Абад облусунда – 67
Чүй обсусунда – 6
Ысык-Көл облусунда – 2
Нарын обслусунда – 4.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-9-darygerge-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×