Кыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны өстү
Бөлүшүү:
Кыргызстанда бир жылда расмий катталган жумушсуздардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган ведомство Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине шилтеме берүү менен 1-августта 80,5 миң жумушсуз адам катталганын, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырганда бир жарым эсеге көп экенин маалымдайт.
Жумушсуздук эң көп катталган аймак Жалал-Абад областы- 23 миң адам жана кийинки катарда Ош областы - 20 миң адам болду.
Ал эми Бишкек шаарында жумушсуздардын саны 23 пайызга, Чүй областында 20,6 пайызга жогорулады.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-zhylda-zhumushsuzduktun-sany-st
Добавить комментарий ×