Кыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны өстү

4 сентября 2021 10:17 1448 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бир жылда расмий катталган жумушсуздардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган ведомство Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине шилтеме берүү менен 1-августта 80,5 миң жумушсуз адам катталганын, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырганда бир жарым эсеге көп экенин маалымдайт.

Жумушсуздук эң көп катталган аймак Жалал-Абад областы- 23 миң адам жана кийинки катарда Ош областы - 20 миң адам болду.

Ал эми Бишкек шаарында жумушсуздардын саны 23 пайызга, Чүй областында 20,6 пайызга жогорулады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-zhylda-zhumushsuzduktun-sany-st



Добавить комментарий