Кыргызстанда балдарга полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүлөт
Бүгүн, 19-апрелден баштап 19-майга чейин Кыргызстандын аймагында инактивацияланган полиомиелит вакцинасынын толуктоочу эмдөө кампаниясы жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар ИПВ вакцинасын бир жолу 0,5 мл дозасында алышат.
Кыргызстанга вакцина келгенден кийин эмдөө АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.
Бул кампаниянын максаты – эмдөөлөрүн өткөрүп жиберген балдар категориясын 95%га жеткирүү.
Кам көрүүчүлөргө да, эмдөөнү күтүп жаткандарга дагы физикалык аралык талаптарынын сакталышы менен толуктоочу эмдөө иш-чарасы пландык эмдөө менен параллель жүргүзүлүшү мүмкүн.
2020-жылдын март айында Кыргызстанда полиомиелитти жок кылуу боюнча Глобалдык демилгеден (ПЖГД) ИПВ вакцинасынын дозасынын керектүү санынын бар экендиги жөнүндө тастыктама алды.
Бүгүнкү күндө республикага 177 736 доза келип түштү, жакынкы убакта ИПВ вакцинасынын калган бөлүгү келээри күтүлүүдө.
270 039 миңден ашуун баланы эмдөө пландаштырылууда.
Эмдөөнү өткөрүп жиберген балдардын тобун кантип аныктайбыз?
- Эмдөөнү өткөрүп жиберген балдарды аныктоо 063 формасын кайра карап чыгуу, 2016-2017-2018 жылдары туулган балдарды эсепке алуу жана отчеттук формаларын талдоо жолу менен жүргүзүлөт.
- Эмделе турган балдардын санын тактоо жана акыркы тизмесин түзүү.
Маалымат үчүн:
Полиомиелит - бул кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Бул өмүр бою кесепети бар олуттуу оору катары эсептелет. Аны айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.
1993-жылдан бери Кыргызстанда жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустун каттоосу болгон эмес. 2002-жылдан бери өлкө "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ.
Бирок жапайы полиомиелит вирусунун ( ЖПВ) жугушу таралган эндемикалык өлкөлөр бар: Пакистан, Афганистан, ошондой эле жүгүртүүдөгү вакцинадан алынган полиовирус (жВАП) катталган бир катар өлкөлөр.
Ошондой эле ЖПВ жана жВАПтын чек ара аркылуу жайылуу коркунучу бар.
Акыркы учурдагы Тажикстанда катталган жүгүртүүдөгү вакцинадан алынган полиовирустун 2-типтеги 6 учурун ДССУ эл аралык мааниге ээ коомдук саламаттыкты сактоонун 2-даражадагы өзгөчө кырдаалы (СЭМӨК) катары классификациялады.
Биз балдарыбызды жакшы коргошубуз керек. Бардык ата-энелер жана кам көрүүчү адамдар КРнын Улуттук эмдөө календарына ылайык, бардык балдарына эмдөө жүргүзүшү керек экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.
• Полиомиелитке каршы биринчи эмдөө (бОПВ) 2 айда жасалат;
• Полиомиелитке каршы экинчи эмдөө (бОПВ, ИПВ) 3,5 айда жасалат;
• Полиомиелитке каршы үчүнчү эмдөө (бОПВ) 5 айда жүргүзүлөт;
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-baldarga-poliomielitke-karshy-emd-zhrgzlt
Добавить комментарий ×