Кыргызстанда баңгизатын саткан 80 онлайн-дүкөн аныкталды

29 сентябрь 2021 12:17 1766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда үч жылдын ичинде баңгизатын сатуу боюнча 80 онлайн-дүкөн аныкталды. Бул тууралуу брифинг маалында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“30 онлайн-дүкөндү бөгөттөөгө мүмкүн болду.Түйүн аркылуу синтетикалык баңгизаттарын жайылтуу менен иш алып барган бир канча эл аралык топтордун ишмердиги аныкталды. Анын ичинде Россиянын, Өзбекстандын жана Түркиянын жарандары бар”,-деп айтты ал.

Бангизатынын ири бөлүгү интернетте Telegram-каналдар аркылуу сатылган. Баңгизатын сатуунун бул жаңы түрүнө каршы аракеттенүү боюнча бөлүм Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 2018-жылы түзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bagizatyn-satkan-80-onlajn-dkn-anyktaldy



Добавить комментарий