Кыргызстанда акыркы суткада 3 жолу жер титирөө болду
Акыркы суткада Кыргызстанда 3 жолу жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка караганда, 6-майда саат 13: 07де Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында 5,5 баллдык жер титирөө болгон. Ысык-Көл районунун чек ара айылдарынын тургундары 3-4 баллдык күчү менен жер титирөөнү сезишти.
Ош облусунун аймагында 6-майда саат 17:39 чамасында 3 балл күчү менен жер титирөө болду. Ак-Босого, Арча-Була жана Сары-Таш айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, 7-майда саат 01: 45те күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Эркештам айылында жер титирөө болжол менен 3 балл, Икизяк жана Нура айылдарында 2,5 баллдай сезилген.
"Жер титирөө учурунда курман болгондор жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-akyrky-sutkada-3-zholu-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×