Жаңыланган пробация органдарынын үч кеңсеси кардарларды кабыл ала баштады

7 сентябрь 2020 10:14 743 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңыланган пробация органдарынын үч офиси өз кардарлары үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу пробация басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Пробация институтун калыптандыруу жана материалдык-техникалык базаны түзүү боюнча иштер толук кандуу жүрүүдө.

 5-сентябрда  Юстиция министрликтин алдындагы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча пробация департаментинин аймактар аралык башкармалыгынын үч райондук органынын (Ош ш., Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя ш.) кеңселеринин 2 500,0 миң сом суммасында БУУ БКБнын донорлорунун колдоосу менен жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыздоо бүткөндөн кийин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын юстиция министри Марат Жаманкулов, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана КР Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу катышышты.

 Пробация департаменти түзүлгөн учурдан тартып донорлордун колдоосунда дагы төрт пробация органдарында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Алсак, БУУ БКБнын колдоосунда Аламүдүн районунун пробация органында 338,3 миң сомго жана Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустары боюнча ААБында жана Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондору боюнча пробация органдарында, 2 534,3 миң сомго оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыз кылынып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен эки пробация органында: Токмок ш. 535,1 миң сом суммада жана Ош облусунун Алай районунун 114,5 миң сом суммада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Пробациянын кардарлары менен иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бул органдын ишинин натыйжаларына сөзсүз таасирин тийгизээрин белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaylangan-probaciya-organdarynyn-ch-ofisi-z-kardarlary-chn-eshigin-achty-srt



Добавить комментарий