20 жыл түрмөдө өлүм жазасын күтүп олтурган америкалык киши акталып чыкты

20 ноябрь 2020 15:47 1048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШда жаңылыштык менен өлүм жазасына өкүм кылынган туткун акталды. Бул тууралуу LADbible басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

АКШнын Огайо штатында Джо Д'Амбросио жасабаган кылмышы үчүн 20 жылдан ашуун түрмөдө отурган. Бул мамлекеттин тарыхтагы эң кыска сот жараяны болгон. Сот жараяны үч күнгө жетпеген убакытка созулуп, Джого өлүм жазасы буйрук кылынган.

26 жаштагы америкалык Джо Д'Амбросио, эки досу менен кошо, 1988-жылы 19 жаштагы Энтони Кландын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, анын досторунун биринин көрсөтмөсүнүн негизинде, ал өлүм жазасына буйрук кылынган. Джо кылмышка күнөөсү жок экендигин ар дайым айтып келет.

“Камакка алынгандан кийин, жакында боштондукка чыгам деп ойлоп, түрмөдө отурганымды эч кимге айткан жокмун. Бирок, көз ачып жумганча, мени күнөөлүү деп табышты. Кийинчерээк, менин ишим мамлекеттин тарыхындагы эң кыска сот жараяны болгонун билдим», - дейт Джо.

Ишти караган адвокаттын айтымында, Джонун камакта олтурганына 10 жыл өткөндөн кийин күбөнүн көрсөтмөсүнө негизделген айрым далилдер дал келбей шек жараткан. Жактоочу күбөнүн айтканы боюнча "Кландын тамагы кесилгенин, андан кийин ал жардам сурап кыйкырып качып кеткенин" айткан. Бирок жактоочу мындай болушу мүмкүн эмес деп ырастоодо.

"Анын кыйкырышы физиологиялык жактан мүмкүн эмес. Мен трахея менен ооруган адамдар менен күн сайын медайым болуп иштедим, трахея менен жабыркаганда, сүйлөй да албайсыз", - деп түшүндүрдү юрист. Кийинчерээк,  прокурорлор иш боюнча кошумча далилдерди жашырышканы белгилүү болду.

Боштондукка чыккан Джо азыр 58 жашта. Джо мамлекеттен компенсация издеп, өлүм жазасына чыккан өкүмдү жокко чыгарууга аракет кылып жүрөт.

"Мен короткон убакытты эч кандай акча ордун толтура албайт. Мен жаштык кезимдин 80 пайызын кунарсыз өткөрүп, түрмөдө чоңойдум", - деди Джо.


Ссылка: https://barometr.kg/20-zhyl-trmd-lm-zhazasyn-ktp-olturgan-amerikalyk-kishi-aktalyp-chykty



Добавить комментарий