Айзаданын аянычтуу өлүмү. Кызды ала качкандар 7,5 жылга чейин соттолушу мүмкүн
Муунтулуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы ала качууга көмөктөшкөндөргө карата катаал жаза колдонулат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйында белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, кызды ала качууга эки бала көмөктөшкөн.
"Бул окуя коомубузда биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин, да ала качуу кыздын өлүмүмү менен коштолгон учурдан кийин, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жаза катаалдашкан. Ошондуктан, бул жерде ала качууга көмөктөшкөндөр да, ала качкан жарандай эле жаза алышат.
Ошону менен катары эле, кыздын ата- энеси, жакындары тосмо арыз берген күндө да бул жаза өзгөртүлбөйт.
Ал эми, Айзаданын өлүмү боюнча айтсак, ала качкан бала каза болуп калды да. Бирок, ала качууга көмөктөшкөн эки жаран жети жарым жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Учурда алардын бирөө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми, экинчисине издөө жарыяланды", - деди Бишкек ШИИББинин кызматкери.
Ссылка: https://barometr.kg/ndr-75-zhylga-chejin-erkindishinen-azhyratylyshy-mmkn
Добавить комментарий ×