Кыргызстанда 22-23-апрелдерде түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт

19 апрель 2021 15:15 4258 Barometr
Бөлүшүү:
ok

20-апрелде күндүз  жана  21-22-апрелде  аба-ырайы  кескин  өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.  

 Ал эми, 21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн  Чүй, Ош,  Жалал-Абад,  Ысык-Көл  облустарынын кээ  бир  райондорунда  жаан-чачын  катуу  жаайт. Тоолуу  райондордо  жолдор  тайгак  жана  тоңголок  болот. Батыштан  соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрден,  кээ бир  райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын  температурасы  төмөндөйт.  Мындай  туруксуз  аба-ырайы жайыттарда мал кармоо, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле, 22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк,  Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-22-23-aprelderde-tnksn-shk-zhrsh-ktlt



Добавить комментарий