Кыргызстандын колледждерине 1-турда 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды
Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 22 миңден ашуун абитуриент колледждерде окуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
1-турдун жыйынтыгы боюнча БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан системада https://spuz.edu.gov.kg/ 22 070 өтүнмө катталды.
3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштайт.
3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.
Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.
Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.
Добавить комментарий ×