Кыргызстан "жашыл коридорду" колдонуу мөөнөтүн узартты

5 май 2020 14:49 980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт тарабынан Кыргызстанда жүргөн чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн "жашыл коридордун" колдонулуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

11-майга чейин Кыргыз Республикасынын бир катар региондорунда өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү узартылганын эске алып, ошондой эле чет өлкөлөр менен авиа каттамдар убактылуу токтотулгандыгына жана чет мамлекеттердин чегаралары жабылгандыгына байланыштуу, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында визасы бар жана визасы жок тартиптеги жактар 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө чыгуучу визасы жана турган жери боюнча катталуусу талап кылынбастан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете алат.

Муну менен катар, Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк жарандар 21-майда калкты тейлөө борборлорундагы паспорттук бөлүмдөр ачылганда мөөнөттөрүн узарта алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-zhashyl-koridordu-koldonuu-mntn-uzartty



Добавить комментарий