Кыргызстан - Япония футбол беттешин россиялык телебаяндамачы баяндайт
Бөлүшүү:
Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан - Япония футболчулары беттешет.
Ал Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Анда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония менен бетешет.
Оюнду"МАТЧ ТВ" телеканалынын адиси Денис Казанский кыргызстандык спорт баяндамачысы менен баяндайт. КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.
Беттеш 17:15те башталат. Күйѳрмандар үчүн Бишкектеги эски аянтта атайын фан-зонасы уюштурулат. Алар чоң экрандан оюнду түз эфирден кѳрѳ алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-yaponiya-futbol-betteshin-rossiyalyk-telebayandamachy-bayandajt
Добавить комментарий ×