Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө Япониянын ыкмасын колдонот
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө Япониянын ыкмасын колдонот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө учурда азыркы мезгилде облустарда, чоң-чоң шаарларда кандай иштерди алып баруу керектиги боюнча тапшырмалар коюлганын айтты. Андан сырткары башка мамлекеттерде болгон иштерди тажрыйба катара алып жатышканын кошумчалады.
“Бүгүнкү күнү биз Япониянын ыкмаларын колдонолу деп жатабыз. Ал жакта жакшы иштер алып барылган экен. Ар бир киши 15 мүнөт сайын кайнак суу ичип турушу керек экен. Бул ууру ысыкка чыдай албайт экен. Туздуу суу менен оозду чайкап туруу керект Башка адамдар менен болгон катнашты токтото туруу да кажет. Андан сырткары төртүнчү эреже бөлмөлөрдү 15 мүнөт сайын желдетип, тазалап туруу керек. Ушуларды колдонсок оорудан тез арада арылабыз”, — деди ал.
Министрдин орун басары эгер калктын 85 пайзы ушул эрежени сактаса тез арада бул илдеттен арылууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-koronavirus-menen-krshd-yaponiyanyn-ykmasyn-koldonot
Добавить комментарий ×