Кыргызстан интернет эң арзан өлкөдөрдүн сап башында турат

19 апрель 2021 12:30 3002 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан интернет эң арзан өлкөлөрдүн сап башында турат. Тактап айтканда, 230 мамлекеттин ичинен экинчи орунда турат. Бул тууралуу британиялык Cable сайты жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргызстанда 1 ГБ интернеттин наркы 0,15 долларды түзөт. Интернеттин арзандыгы боюнча Кыргызстан Израилден кийинки орунда турат. Израилде 1 ГБ интернеттин баасы 0,05 долларды түзөт.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көптөгөн КМШ өлкөлөрүндө интернет жеткиликтүү:

  • Россия - $0,29 (6 орун),
  • Молдова - $0,32 (7 орун),
  • Беларуся - $0,43 (13 орун),
  • Казахстан - $0,59 (20 орун),
  • Өзбекстан - $0,60 (21 орун),
  • Украина - $0,75 (31 орун),
  • Армения - $0,76 (35 орун),
  • Азербайджан - $1,82 (100 орун),
  • Таджикистан - $2,60 (132 орун),
  • Түркмөнстан - $21,41 (223 орун).

Маалым болгондой, 230 мамлекеттин рейтингин түзүү үчүн изилдөөчүлөр 6 148 тарифтик пландарын талдап чыгышты. Дүйнөлүк маалыматтар 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 25-февралына чейин чогултулган.

Эксперттер топтогон статистика көрсөткөндөй, мобилдик интернет эң жогорку баада делген он мамлекеттин алтоосу Сахаранын түштүгүндөгү Африка мамлекеттери.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-internet-e-arzan-lkdrdn-sap-bashynda-turat



Добавить комментарий