Кыргызстан интернет эң арзан өлкөдөрдүн сап башында турат
Кыргызстан интернет эң арзан өлкөлөрдүн сап башында турат. Тактап айтканда, 230 мамлекеттин ичинен экинчи орунда турат. Бул тууралуу британиялык Cable сайты жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кыргызстанда 1 ГБ интернеттин наркы 0,15 долларды түзөт. Интернеттин арзандыгы боюнча Кыргызстан Израилден кийинки орунда турат. Израилде 1 ГБ интернеттин баасы 0,05 долларды түзөт.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көптөгөн КМШ өлкөлөрүндө интернет жеткиликтүү:
- Россия - $0,29 (6 орун),
- Молдова - $0,32 (7 орун),
- Беларуся - $0,43 (13 орун),
- Казахстан - $0,59 (20 орун),
- Өзбекстан - $0,60 (21 орун),
- Украина - $0,75 (31 орун),
- Армения - $0,76 (35 орун),
- Азербайджан - $1,82 (100 орун),
- Таджикистан - $2,60 (132 орун),
- Түркмөнстан - $21,41 (223 орун).
Маалым болгондой, 230 мамлекеттин рейтингин түзүү үчүн изилдөөчүлөр 6 148 тарифтик пландарын талдап чыгышты. Дүйнөлүк маалыматтар 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 25-февралына чейин чогултулган.
Эксперттер топтогон статистика көрсөткөндөй, мобилдик интернет эң жогорку баада делген он мамлекеттин алтоосу Сахаранын түштүгүндөгү Африка мамлекеттери.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-internet-e-arzan-lkdrdn-sap-bashynda-turat
Добавить комментарий ×