Кыргызстан эң арзан мобилдик интернет боюнча дүйнөдө 2-орунду алды

6 март 2019 16:43 1856 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиянын Cable.co.uk  изилдөө компаниясы мобилдик интернеттин баасы боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингин түздү.   

Эң эле арзан мобилдик интернет Индияда экени аныкталды. Экинчи орунда-Кыргызстан турат, үчүнчү орунга Казакстан ээ болду.  

Эң эле кымбат интернет Африкада, Түндүк Америкада жана Батыш Европада экенин белгилүү болду.

Cable.co.uk компаниясынын адистери 1 Гб мобилдик интернеттин орточо баасын доллар менен баалап, анализдеп чыгышкан

Индияда 1 Гб мобилдик интернет 0,26 доллар турса, Кыргызстанда бул 0,27 долларга бааланган.Казакстанда 0,49 доллар жана Украинада  0,51 доллардан эсептелди.

Cable.co.ukтун талдоочулары дегеле Азия региону алдыңкы орунда турганын белгилешүүдө.

Эң кымбат мобилдик интернет баасы Батыш Европа өлкөлөрүндө катталган. Мисалы, Франция бул тизмекте 62- орунга чыкты, аталган өлкөдө 1 Гб интернет 2,99 долларга бааланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-e-arzan-mobildik-internet-boyuncha-djnd-2-orundu-aldy



Добавить комментарий