Коммерциялык банктарга долларды өлкөдөн накталай чыгарып кетүүгө уруксат берилди

30 июнь 2023 18:04 427 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук банк коммерциялык банктарга чет өлкөлүк валюталарды накталай сыртка чыгарып кетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 23-июнда кол коюлган. 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө токтомун кабыл алды”, -деп жазылат маалыматта.

АКШ долларын өлкөдөн накталай чыгарууга 2023-жылдын 15-сентябрына чейин уруксат берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-dollaryn-lkdn-naktalaj-chygaryp-ketg-uruksat-berildi



Добавить комментарий