"Кыргыз желеги Эверестте желбирейт". Кыргызстандыктар эң бийик чокуну багындырууда

26 апрель 2021 14:29 1428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандыктар эл аралык альпинистер менен бирге  дүйнөдөгү эң бийик чоку, Эверестке чыгууга камданып жатат. Бул тууралуу соцтармактагы Эдуард Кубатовдуни баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, учурда, мекендештерибиз Кхумбу лагерине 6 400 метр бийиктикке көтөрүлгөн.

“Буюрса, Эверест чокусун багындырабыз деп үмүт кылып жатабыз. Азыр Кхумбу лагерине 6 400 метр бийиктикке көтөрүлдүк. Биздин ак калпагыбыз Эвересттин лагерине биринчи жолу чыкса, желегибиз алгачкылардан болуп желбиреди”, - деп жазды Кубатов.


Эскерте кетсек, кыргызстандык Эдуард Кубатов жана Асель Байбагышева эл аралык альпинисттер тобу менен бирге дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест чокусун багындырууну көздөп, 12-апрель күнү жүрүшүн башташкан.

Эверест жер планетасынын 8 848 метр бийиктиктеги эң бийик жери. Гималай тоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан. Анын көрүнүшү үч бурчтуу пирамидага окшоп, 5-чакырымынан тарта чокуга чейин мөңгүлөр менен капталган. Тоонун аталышы англиялык геодезист Джордж Эвересттин урматына аталган. Ал эми Эвересттин чокусун 1953-жылы 29-майда Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари алгачкы болуп багындырган. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң бийик тоого 4 000ден ашуун альпинист барса, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан  чокууга чыгуу учун 500дөн ашуун адам каттайт.

Эверест — Жердеги эң бийик чоку, бирок эң бийик тоо эмес. Ага болгон саякат жыл сайын жаз айларында болот. Себеби башка мезгилдерде ал жерге баруу таптакыр мүмкүн эмес. Кышында чокудагы температура -60 градуска чейин төмөндөп, шамал секундасына эки жүз метрге чейин ылдамдыкка жетет.

Ал эми, чокусуна жеткен адамдын организиминде кычкылтек кадимки нормадан 4 эсеге аз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zhelegi-everestte-zhelbirejt-kyrgyz-alpinisti-djnnn-e-bijik-chokusun-bagyndyruuda



Добавить комментарий