Кыргыз-тажик чек арасы: депутат жабык эшик артында эмне талкууланганын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жабык эшик артындагы жыйында тийиштүү кызматтардын төрагаларынын орун басарларынын маалыматы угулганын айтты.
Ал өз сөзүндө вице-премьер Жеңиш Разаковду жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылганын, бирок алар кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жолугушусуунда болгону үчүн келе албагынан билдирди.
Нурбаев андан сырткары чек ара боюнча Жогорку Кеңештин айрым токтомдору аткарылбай жатканына токтолуп, бул боюнча кийинки жумада вице-премьер Разаковдуг катышуусу менен талкуулана турганын белгиледи.
"Чек ара маселеси тез арада бир тараптуу эле чечиле турган маселе эмес. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болушу керек. Өзүбүздө кандай рычактар бар, ошону колдонуп чек ара маселесин тез арада чечүү керек. Анткени ал өлкөдөгү жалпы саясий абалга терс таасирин тийгизип жатат", — деди депутат.
Эл өкүлү андан сырткары чек арада кармалган жарандар тууралуу суроолор орун басарларга берилгенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-deputat-zhabyk-eshik-artynda-emne-talkuulanganyn-ajtty
Добавить комментарий ×