Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында карашууда

14 января 2020 11:34 1676 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында карашууда.

Жыйындын башында комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Абдывахап Нурбаев Чек ара кызматы менен Тышкы иштер министрлигинин маалыматын жабык эшик артында кароону сунуштады.

Андан сырткары жыйында доклад жасайт деген вице-премьер Жеңиш Разаков Исфанада экени белгилүү болду.

Ошондой эле, Чек ара ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыма берүүгө укугу жок экени айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Тажстандагы элчилик өзүнүн укуктарынын алкагында ал жакта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жыйынтыгында депутаттар маалыматты жабык эшик артында угууну чечишти.

Эске салсак, 10-январда түндө Жака-Өрүк аймагынан Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандары бараткан жеңил автоунааны ташка алышкан.

Ушундай эле окуя Көчө-Карын аймагында катталган.

Ал эми түнкү саат 2:40тар чамасында Дахма аймагында Тажикстан тараптан ок атылып, Кыргызстан тараптагы жерде жашаган аялдар менен балдар коопсуз жайга чыгарылган.

Окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисине каршылык нотасын тапшырган.

Чек арадагы бул маселе эки мамлекеттин президенттеринин деңгээлине чейин көтөрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-abaldy-zhabyk-eshik-artynda-karashuuda



Добавить комментарий