Кыргыз тасмасы "Шамбала" эл аралык "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү

10 март 2021 17:54 1387 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ, Балтика жана Грузиянын мыкты тасмасы" номинациясында 2020-жыл үчүн "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү.  Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Ника" сыйлыгы кинематография жаатындагы жетишкендиктери  жана улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон профессионалдык салымы үчүн берилген кесипкөй кинематографиялык сыйлык катары негизделген.

"Ника" сыйлыгы Орус кинематографиялык искусство академиясы тарабынан негиздеген.

КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасына талапкерлердин тизмеси:

"Две тысячи песен Фариды», Өзбекистан, режиссёр – Ëлкин Туйчиев;

«Жаным, ты не поверишь», Казахстан, режиссёр – Ернар Нургалиев; 
 
 «Желтая кошка», Казахстан, режиссёр – Адильхан Ержанов;
 
«От смерти до смерти», Азербайджан, режиссёр – Байдаров Хилал Узейи; 
 
«Шамбала», Кыргызстан, режиссёр – Артык Сүйүндүков.
 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tasmasy-shambla-el-aralyk-nika-syjlygyna-krstld



Добавить комментарий