Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3 кызматкери каза болду

1 июль 2020 14:44 541 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет

Кечээ, 30-июнда 60 жашка караган курагында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Ошондой эле,  ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү - 112 диспетчердик кызматынын башчысы, подполковник Жантаев Мухаметалы Жуманович 29-июнь күнү дүйнө салды.

Буга чейин 28-июнунда Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн башчысын майор Нурлан Токсунбаев көз жумган.

КР ӨКМдин жалпы жааматына, кайтыш болгондордун үй-бүлө, бир туугандарына «Барометрдин» жалпы жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-zgch-kyrdaaldar-ministrligi-oor-zhogotuularga-uchurady



Добавить комментарий