Президенттин администрациясы түзүлдү
Бөлүшүү:
Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган КРнын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында КРнын президентинин администрациясы түзүлдү.
Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:
- Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов - КРнын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Медербек Асанбекович Сатыев - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Бектур Рысбаевич Зулпиев - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Жеңишбек Асанкулович Асанкулов - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-prezidentinin-administraciyasy-tzld
Добавить комментарий ×