Президенттин администрациясы түзүлдү

7 мая 2021 15:50 3032 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган КРнын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында КРнын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

  • Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов - КРнын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Медербек Асанбекович Сатыев - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Бектур Рысбаевич Зулпиев - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Жеңишбек Асанкулович Асанкулов - КРнын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-prezidentinin-administraciyasy-tzld



Добавить комментарий