Кыргыз-казак эл аралык айтышында Максат Кулуев баш байгеге ээ болду

25 июль 2022 10:17 1151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каркыра жайлоосунда өткөн кыргыз-казак эл аралык айтышында Максат Кулуев баш байге жеңип алды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Маалым болгондой, акындардын айтышы Кыргыз ССРнин эл артисттери Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына жана жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыковдордун 110 жылдыгына арналып өткөрүлдү.

Эл аралык айтыш Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда өттү. Айтышта кыргыз-казак акындары өз өнөрлөрүн көргөздү.

Айтышта  “Манас” театрынын төкмө акыны Максат Кулуев калыстардын чечими менен баш байгеге ээ болду.


• Биринчи орун - Азамат Болгонбаев:
• Экинчи орун - Амантай Кутманалиев:
• Үчүнчү орун - Кубат Тукешов ээ болушту.

Андан сырткары Турат Жумаев жана Эсенбек Кийизбаев кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

Эки күнгө созулган айтышка алты кыргыз төкмө акыны жана төрт казак төкмө акыны катышты.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-el-aralyk-ajtyshynda-maksat-kuluev-bash-bajgege-ee-boldu



Добавить комментарий