Кыргыз эл жазуучусу, профессор Кадыркул Даутов көз жумду
Кыргыз эл жазуучусу, профессор Кадыркул Даутов узака созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындарына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кечээ, 28-июлда чыгаан сынчы, адабиятчы, Кыргыз эл жазуучусу, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов узака созулган оорудан улам 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган.
1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын;
1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1970–1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.
1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.
1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси;
1974–1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер; 1976–1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы.
1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу.
1985–1986-жылдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы.
1989–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.
1999–2005-жылдары Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2005–2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору;
2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.
1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ:
Кыргыз тилинде
Ырдын өмүрү: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 112 б.
Жаңы чектерге: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 216 б.
Главное – поиск: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: 1982.
Сөз өнөрүнүн эстетикасы: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 191 б.
Таланттар жана тагдырлар: Адабий макалалар. – Ф.: Адабият, 1988. – 224 б.
Тереңдиктер жана бийиктиктер: Макалалар. – Ф.: Адабият, 1991. – 272 б.
Адабий сын кантип жаралган?: Монография. – Б.: 2002. – 247 б.
Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү: Монография – Б.: Басма Тамга, 2003. – 400 б.
Мезгил сыны жана мен. – Б.: Бийиктик, 2004. – 525 б.
Түркүн дүйнө элестеринен. – Б.: Бийиктик, 2005. – 333 б.
Издегеним тубаса акын, тунук поэзия. – Б.: Бийиктик, 2008. – 476 б.
“Барометрдин” жалпы жамааты Кадыркул Даутовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-el-zhazuuchusu-professor-kadyrkul-dautov-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×