Кыргыз айымдарынан чыккан алгачкы кыякчы Хадима Берикбаева каза болу

3 апрель 2021 09:59 1368 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз айымдарынан чыккан биринчи кыл кыякчы Хадима Берикбаева каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кече, 2-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жана Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева 75  жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Берикбаева Хадима 1946-жылы 10- мартында  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айлында туулган.

1965-жылы Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын, кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган. Эмгек  жолун белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов жетектеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар  оркестринде баштаган. Белгилүү талант Хадима Берикбаева улуу кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алып, аялдардан алгачкылардан болуп, кыргыздын кыл кыягын  чертип, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге  иштеп чыккан.

Ал педагогикалык иштерин да айкалыштырып, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын алдындагы 2-жылдык окуу студиясында,  көп жылдардан бери эмгектенип, өнөрлүү жаштарды  тарбиялап келген.   

Улуттук маданият менен искусствосуна кошкон салымы үчүн,  «Эмгектин ардагери» медалы,  Кыргыз Республикасынын  Эмгек сиңирген артисти жана Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамына татыктуу болгон.

Ал өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын  Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринде  иштеп келген.

“Барометрдин” жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-ajymdarynan-chykkan-algachky-kyyakchy-hadima-berikbaeva-kaza-bolu



Добавить комментарий