Кылмышкерлер кармоо учурунда милицияларга каршылык көрсөтүштү
Бишкекте тоноого шектүү делген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Аларды кармоо учурунда милицияларга активдүү түрдө каршылык көрсөтүшкөн.
“28-мартта милицияга Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде тоноо фактысы болгону тууралуу кабар түшкөн. Төрт белгисиз адам Пакистандын жаранына кол салышып, уруп-сабап сумкасын тартып кетишкен. Милициялар 35 жаштагы Талас жана Жалал-Абад областында туулган эки кишини жана 36 жаштагы Нарын областында туулган жаранды кармашты. Төртүнчү шектүү адам изделүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди”,-деп кабарлашты ШИИБден.
Ссылка: https://barometr.kg/kylmyshkerler-karmoo-uchurunda-miliciyalarga-karshylyk-krstsht
Добавить комментарий ×