Кылмышкер мечиттин 12 килемин уурдады

28 май 2019 10:51 2152 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунун милиция кызматкерлери мал жана килем уурдоого шектелген жаранды камакка алды. Бул туурасында Чүй областтык  ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) кабарлады.

Маалыматтарга караганда Сокулук районундагы Шалта айылынын мечитинен 12 килем жана курулуш материалдары уурдалган. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Ыкчам иликтөө иштеринен кийин буга чейин бир нече жолу уурулук боюнча соттолгон 20 жаштагы Б.А. кармалды.

Сотко чейинки териштирүү учурунда милиция кызматкерлери жаш жигиттин Кызыл-Туу айылында бодо мал уурдоого катыштыгын аныкташты.

Уурдалган малды Интернетке жарыялап, сатууну көздөгөн. Бирок ээси малын дароо таанып калган.  

Кармалган адам  Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kylmyshker-mechittin-12-kilemin-uurdady



Добавить комментарий