Куурчактай экен! Ырчы Жоодарбешим тун наристесин алгач ирет элге көрсөттү (сүрөттөр)

20 май 2019 17:13 3835 2 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Жоодарбешим Табылганов жубайы Аксаана менен 2018-жылдын 14-июлунда кыздуу болгонун сүйүнчүлөгөн эле. Алар тун наристесине Алсу деген ысым ыйгарышкан.

Бүгүн ырчы интернет баракчасынан алгач ирет кызынын жүзүн көрсөтүп, элге тааныштырды. Ал бул тууралуу:

“Бүгүн мен туңгуч балапанымды эли менен тааныштырууну чечтим. Айыпка буюрбайсыздар деген ишеничтемин, ансызда бекиткениме карабай сурөттөрү тарап бара жаткандыгынан өзүм тааныштырууну чечтим. Ак батаңыздарды берип, дагы бир кыргыз таламын талашкан бийик инсан болсун деп дуба кылып коюңуздар, ыйык айда ыраазы болот элем. Алгач ата наамын берген карегиме кошулуңуздар”, -деп кызы үчүн атайын баракча ачканын да кабарлады.

Көпчүлүк Алсунун сулуулугуна суктанып, ымыркайга узун өмүр, ден-соолук тилешсе, айрымдар “баланын сурөтүн элге көргөзүүгө болбойт” деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kuurchaktaj-eken-yrchy-zhoodarbeshim-tu-naristesin-algach-iret-elge-krstt-srttr



Добавить комментарий