Атамбаев менен Матраимовду сатирага салган Тынар улак тартам деп башы жарылды

9 октябрь 2019 23:47 10087 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куудул Тынар Курбаналиевдин башы жарылып, канга боёлгон сүрөтү интернетте тарады. Сүрөттө Тынар эс-учунан кетип, эч нерсени билбей жатканы, сол жак кашынын үстүнкү жери жарылып, андан аккан кан бетинин бир жагына агып калганын көрүүгө болот.

Сүрөттө Тынар улак тартып жатып ушинтип жаракат алыптыр деген комментарийлер жазылган.

Эске сала кетсек, Тынар Курбаналиев жакында эле концерт коюп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тагдырына окшошкон, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Раим Матраимов менен мамилесине байланышкан сатираларды айткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kuudul-tynar-kurbanalievdin-bashy-zharylyp-sulk-zhatkan-srt-internette-tarady-zhakynda-ele-al-atambaev-menen-matraimovdu-satiraga-salyp-koncert-bergen-bolchu



Добавить комментарий