Айтылуу куудул Келдибек Ниязов 70 жашка чыкты

17 ноябрь 2022 10:24 1247 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын  эл артисти Келдибек Ниязов 70 жашка чыкты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 16-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерттик иш -чара болуп өттү.

 Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов  баштаган акындардын Келдибек Ниязовго арналган куттуктоо ырларын арнашты.

Куудулдун мааракесин куттуктап келген эл артисттери Алтынбек Сапаралиев, Күмөндөр Абылов, Сыймык Бейшекеев, куудул Жамбыл Камчиев, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчылары  концертке келген көрүүчүлөргө  өнөрлөрүн тартуулашты.  

Белгилүү болгондой, Келдибек Ниязов 1952- жылы 8- сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган.

1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен бирге иштешкен.

1989-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.

Окууну аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен чыгармачылык жолдо бирге иштеген.

Белгилүү куудул Асанкул Шаршенов менен кыргыз сахнасында кыргыз элине күлкү-шаң тартуулап, дээрлик 30 жылдан ашык бирге жүргөн.

Келдибек Ниязов “Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы", “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамдары менен сыйланган.

Ссылка: https://barometr.kg/ajtyluu-kuudul-keldibek-niyazov-70-zhashka-chykty



Добавить комментарий