Белгилүү куудул Рахман Разыков каза болду

7 июнь 2021 07:48 17710 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү куудул Рахман Разыков каза болду. Бул тууралуу куудулдун шакирти, "Беш тапан" куудулдар тобунун мурдагы мүчөсү Акыл Абдиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Рахман Разыков 66 жаш курагында, 6-июндан 7-июнга караган түнү каза болгон. 

Буга чейин, куудул пневмония менен ооруп, дарыланып жатканы кабарланган.

Рахман Разыков куудул, сатирик 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. Ал "Бешилик”, “Беш кемпир", "Беш тапан" топторун түзүп, бир канча таланттуу жаштарды чоң сахнага алып чыккан. 

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-kuudul-rahman-razykov-kaza-boldu



Добавить комментарий