Comedy Club’дын негизги куудулу Гарик Харламов шоудан кеткенин билдирди

4 ноябрь 2022 12:25 824 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куудул Гарик Харламов Comedy Club шоусунан кетип жатканын айтты. Бул тууралуу Харламовдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Бул тууралуу куудул социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

 "Болуптур, балдар! Комедияны Пашка менен өткөрүү абдан жакшы болду, бирок жаштарга жол бошотуп берүүгө убакыт келди! Бебур, ийгилик", — деп жазган Харламов.

Маалым болгондой, 4-ноябрда ТНТ телеканалында Comedy Club комедиялык шоусунун жаңы сериясы чыгат, анда куудул Андрей Бебуришвили шоунун алып баруучусу Гарик Харламовдун ордуна келип, Павел Воля менен тандемде ойнойт.

Гарик Харламов  Comedy Club  шоусунун биринчи жана негизги куудулдарынын бири болгон. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/comedy-clubdyn-negizgi-komiksi-garik-harlamov-shoudan-ketkenin-bildirdi



Добавить комментарий