Куудул Гүлжайна Атаканова 4 жыл мурда ыза кылган жигиттин унаасын талкалап, өзүн сабап салган
Бөлүшүү:
"Салам Кыргызстан" телеберүүсүнүн алып баруучусу Гүлжайна Атаканова бир жигитти сабап салганы, ал бала алып баруучунун үстүнөн арыз жазгандыгы тууралуу Super.kg жазды.
Анда айтылган маалыматка караганда куудул жигиттин унаасынын айнектерин талкалап, андан кийин өзүн кошо сабап салган. Тигил жигит күч органдарына алып баруучунун үстүнөн арыз жазып, куудулдун айтымында акча берип койсо, арызын кайра алган. Буга Атаканова "Акчам кетсе кетсин, абийирим, намысым кетпесин дедим"-деп жооп берген.
Ошондой эле ал жигит куудулду төрт жыл мурда ыза кылып койгондугун кошумчалады.
Добавить комментарий ×