Курултайдын жыйынтыгы боюнча Атамбаевдин "кол тийбестигин" ажыратуу керек деген талап коюлмай болду

24 ноябрь 2018 22:07 1380 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте коомдук-саясий уюмдар уюштурган “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайы жыйынтыкталды. Курултайга аттуу баштуу саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты. Курултайдагы негизги талкуулануучу маселе мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишмердигин баалоо жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишмердигине баа берүү болду.

Курултайдын жыйынтыгында катышуучулар азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табышты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык иши канааттандырарлык эмес деп, анын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү, кол тийбестигинен ажыратуу керек деген талап коюлмай болду.

Ошондой эле Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгы белгиленип, Жогорку Кеңештин ишин жетишсиз деп баалоо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Курултайга Алмазбек Атамбаев чакырылган, бирок ал келген эмес.


Ссылка: https://barometr.kg/kurultajdyn-zhyjyntygy-boyuncha-atambaevdin-kol-tijbestiginen-azhyratuu-kerek-degen-talap-koyulmaj-boldu



Добавить комментарий