Видео. Кызыл баштыктагы алтындар: Курсан Асановдун баласы изделүүдө

29 август 2019 11:15 2262 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон окуялардагы иш-аракеттери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин жүрүшүндө 8-августта Курсан Асанов жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Атамбаевдин үйүнөн кылмыш иш боюнча маанилүү далил буюмдарды, документтерди жана башка предметтерди алып чыгып кеткени аныкталган. Жан сакчысы 8-августта саат 21:00-21:15 чамасында ИИМдин имаратынын жанында Курсан Асановдун тапшырмасы менен аталган буюмдарды анын уулу Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. Ал эми Мухаммед-Али Асанов аны Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп бермек.

27-августта Курсан Асановго Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканы билдирилген.

Ошол эле күнү аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 1997-жылы туулган Муххамед-Али Асановго карата кылмыш иши козголуп, сыртынан камакка алуу чечими чыгарылгандан кийин издөө жарыяланган.

2019-жылдын 23-августунда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ишине байланыштуу маанилүү документтерди жана башка предметтерди мыйзамсыз экинчи тарапка өткөрүп берүүгө аралашкан деген шек менен ИИМдин кызматкери — Курсан Асановдун жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек кармалган. Учурда бул ишке тиешелүү тараптарды аныктоо иштери улантылып жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-balasy-izdelip-zhatat



Добавить комментарий