Курсан Асановдун айдоочусу сот залынан үй камагына чыгарылды

17 март 2020 17:03 802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишин кароо улантылды.

Анда сот ишине төрагалык кылган судья Адылбек Эсенбаев Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди.

“Жети айдан бери тергөө абагында отурдум. Бүгүнтөн тарта үй камагына чыгарылдым. Генерал Курсан Асановго коюлуп жаткан күнөөлөрдү мен толугу менен четке кагам. Буга чейин да кагып келгем, кага берем. Ал чыныгы генерал. Аны коомчулук бүт билет, толук ишенем ага”, — деди ал.

Пайзылда уулу Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында 23-августта кармалган. Ага кызмат абалынан пайдаланууга жардамдашкан деген айып тагылган. Ал эми Асанов өзү 27-августта кармалып, соттун чечими менен башк коргоо чарасы үй камагына алынсын деп чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-ajdoochusu-sot-zalynan-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий